• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Балыкчынын тургуну шаарга кирип келген карышкырды видеого тартып алды

20 Үчтүн айы 2020 12:51 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарындагы жергиликтүү жашоочу түн ичинде шаарга чейин кирип келген карышкырды видеого тартып алды. Бул тууралуу ал Turmush басылмасына билдирген.

Маалыматка ылайык, жырткыч түн ичинде шаарга чейин кирип келген. Аны видеого Айтбек Өзүбеков аттуу жергиликтүү тургун 19-январь күнү болжол менен саат 23:00 дор чамасында тартып алган.

«Биз үйгө кетип бара жатканбыз. Жанымда апам бар болчу. Ал эми карышкыр жолдо жүргөн экен. Дароо кошунамды чакырып, тилекке каршы качырып жибердик. Анын алдыңкы буту жарадар болчу. Видео материалды адистерге көргөзсөк ургаачы карышкыр экенин айтышты»,-деп билдирген жергиликтүү тургун.

Количество просмотров: 297