• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

6 Үчтүн айы 20219:23 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 5-январда саат 17:33тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган, Ак-Терек, Ничке-Сай, Зергер, Саламалик, Эркин-Тоо айылдарында 2.5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 124