• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаардык кеңешине төрага шайланыды

2 Баш оона 202119:08 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Салман Назылбеков шайланды. Аны Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 44тү колдоду.

Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышында «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон. Ушул эле сессияда вице-спикер болуп «Биздин Кыргызстан» партиясынын лидери Шайырбек Нуранов шайланды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-августта Ош шаардык кеңешине шайланган депутаттар мандат алып, кызматка расмий түрдө киришти.

Количество просмотров: 271