Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сулайман-Тоонун бир бөлүгүн мэрияга өткөрүп берүүсүн көздөп жатат.
“Биз Оштуктар Сулайман-Тоону талашканга, мэрияга өткөрүп бергиле деп сураганга акыбыз бар. Шаарыбыздын көзгө басар жери качанга чейин каралбай, мүрзө катары жатат. Туристтер келсе көргөзө турган эмнебиз бар?”, — дейт Жеңишбек Токторбаев.
Анын айтымында тоонун этегиндеги мүрзөнү сүрдүрүп, анын ордуна айланма жол салып, алты кишилик электромобилдерди жүргүзүп, ошонун акчасына шаарды бакса болот.
«Сулаймандын тактысы» деп которулган Сулайман-Тоо — Ош шаарындагы ыйык тоо, Кыргызстан. Ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине жана элдин тарыхы менен маданиятынын байыркы эстелиги болуп саналат.