• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көчөлөрдү суу каптады (видео)

29 Жалган куран 2018 14:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.03.2018.Govori.TV

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2018-жылдын 28-март күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен, Ош шаарындагы  Г. Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан-Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн подъездерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Жабыркагандар жок.

Фото МЧС Кыргызстана.

Фото МЧС Кыргызстана.

Мындан тышкары, бул тууралуу Клооп маалымат порталы дагы видео жүктөдү. Мында тасмадан  катуу  жааган жамгырдан , Борбордук көчөлөрдөгү арыктардан суу ташкындап, жөө жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаралгандыгын көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/videos/1677787842310777/

Көп өтпөй, аталган жерге  кырдаалды жөнгө салуу үчүн КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынан 15 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууларды сордуруп, тазалап беришкен.

Количество просмотров: 25