Аба ырайы сууктаганына байланыштуу Ош шаарында 4-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жылуулук 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагына толук жетет.
«Андыктан көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы эшиктерин жабык кармап, үйдүн эшик, терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.