• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ош шаарында да коомдук транспорт иштей баштады

25 Бугу 202015:28 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын аймагында 25-майдан тарта коомдук транспорт иштей баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, линияга 20 троллейбус жана 12 автобус чыккан. Алардын айдоочулары жеке коргонуучу каражаттар: костюм, беткап, антисептиктер менен камсыз болушкан. Коомдук унаалардын ичи сөзсүз түрдө дезинфекцияланууда.

Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн саны 30-35 адамдан ашпашы керек.

Количество просмотров: 118