• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ош шаарында коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү

12 Жалган куран 2020 15:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын аймагына коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, Ош шаарында жаңы коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус илдети менен ооругандар катталган жок.

 «Келген жарандардын бардыгы алгоритмдин негизинде тепловизордон өткөрүлүп, дене табы жогору болгондор, ден соолугуна даттангандар катталган жок. Ош облусунда жана Ош шаарында жашаган Кытайдан жана башка вируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирген мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында жалпы 449 койкалар (обсерватор) жана изоляторлор даярдалды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 245