• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ош шаарында маршруткага төлөнчү жол кире көтөрүлдү

25 Жетинин айы 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык кеңешинин 25-ноябрдагы кезексиз сессиясында жол кирени көтөрүү боюнча токтом кабыл алынды. Ага ылайык, маршруттук кичи автобустар кечки саат жетиге чейин 15, андан кийин 20 сомдон жол кире ала турган болду.

Ал эми окуучулар болсо жол киреге беш сомдон төлөшөт. Муниципалдык транспорттун — троллейбуска жана автобуска​ жол акысы мурдагыдай 10 сом бойдон калды. Токтом 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Количество просмотров: 119