• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ош шаарында таза суу берүү үзгүлтүккө учурайт

11 Бугу 2021 12:37 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, нѳшѳрлѳп жааган жамгырдан улам, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду.

Суу ташуучу унаалар (водовоз) менен аймактарга таза суу жеткирүү үчүн төмөнкү байланыш телефондору аркылуу билдирүү калтырсаңыздар болот: 0556039599, 0556460585, 0559 566671, 105, 8-11-15, 8-11-51. «Ошшаарсууканал» ишканасы.

Количество просмотров: 118