• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаарындагы мектеп, бала бакчалар оңдолот

23 Теке 201915:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.

Ош шаарындагы мектеп, бала бакчаларды оңдоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы мектептерди ондоп-түзөө иштерине  жергиликтүү бийликтен 10 млн. сом, балдар бакчалардын ондоп-түзөө иштерине 9 млн. 915 мин. сом, ал эми республикалык бюджеттин эсебинен 4 170,0 млн. сом бөлүнгөн.

«Керектүү курулуш материалдары алынды. Азыркы учурда 2019-2020-жаны окуу жылына даярдык көрүү максатында бардык мектептерде жана балдар бакчаларында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 51