

Сүрөтчүнүн пейзаж сүрөттөрү жана этюдтары, өзүнүн түстүү өзгөчөлүктөрү жана бийик ой-толгоосу аркылуу сезимдерин бириктирип, кыргыз табигатынын зор эпикалык мүнөзүн бизге жеткирген. Г.Айтиев Ош облусунун, Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында дал ушул күнү (28-сентябрь) дыйкандын үй бүлөсүндө төрөлгөн.