• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ош шаарынын күнү белгиленбейт. Анын себеби айтылды

3 Тогуздун айы 2022 15:18 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда болгон соңку окуяларга байланыштуу быйыл Ош шаарынын күнүн белгилөө токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бир катар майрамдык иш-чаралар жана салтанаттар да өткөрүлбөйт.

2000-жылы президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы салтанаттуу белгиленген. Ошондон бери 5-октябрда шаар күнүн белгилөө салтка айланган.

Эскерте кетсек, 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Теги:
Количество просмотров: 358