Бүгүн, 11-июль күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош шаардык кеңешиндеги кайра шайлоого катышты.
Маалыматка ылайык, Сарыбашов №5555 шайлоо тилкесинде добуш берген.
«Имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат. Бардык шайлоо тилкелери керектүү жабдыктар менен жабдылган. Ош шаарында шайлоочулардын тизмесине 152 миңдден ашык киши киргизлген», — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок калааларында шаардык кеңештерге кайра шайлоо өтүүдө. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталды.