Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматынан кетти.
Сарыбашовдун айтымында, анын отставкасы тууралуу чечиминде эч кандай саясат жок. Ал кошумчалагандай, жакынкы аралыкта ал өзүнүн жаңы пландарын жарыялайт жана ошондой эле ал колдогондорго жана сындагандарга ыраазычылык билдирди.
Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашовдун отставкасы коомчулукта ар түрдүү кептер менен коштолду.