Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV
16-декабрда Ош шаарынын жаңы жылдык балатысынын оту жанды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
31-декабрь күнү борбордук аянтта оюн-зоок иш-чаралары жана концерттик программа болот.
Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 27 метрди түздү. Ал өлкө боюнча эң бийик жаңы жылдык балаты болуп эсептелет. Аянттагы балатыны орнотууга 1 млн 400 миң сом жумшалган.
Белгилүү болгондой, Ош шаарынын башкы балатысы 4 жылдан бери өлкө боюнча эң бийик болуп келе жатат.
Ал эми Бишкек шаарындагы балатынын бийиктиги быйыл 25 метрди түзгөн.