• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ош ШИИБ: 5 баласы менен 3 жылдан бери 40 жаштагы аял мүрзө казган адамдар шаймандарын койгон жайда жашайт

21 Бирдин айы 2018 10:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.18.Govori.TV
5 баласы менен 3 жылдан бери 40 жаштагы аял мүрзө казган адамдар шаймандарын койгон жайда жашап жүргөн. Бул туурасында Ош ШИИБнин басма сөз катчысы  Замир Сыдыков Govori.TV сайтына билдирди.
«Ош шаарына жакын жайгашкан көрүстөндөгү мүрзө казган адамдар тамактанып, күрөк, балкаларын коё турган жерде 40 жаштагы келин 5 баласы менен жашап жүргөнү аныкталды. Ал жерде балдары менен 3 жылдан бери жашашат экен. Ал аялдын атасы убагында ошол мүрзөдө көр казып иштеген экен. Ал аял эки жолу турмуш куруп, биринчи күйөөсү каза болуп, экинчи күйөөсү башка аял менен Орусияга кетип калыптыр. Эки күйөөсүнөн бирден балдары бар экен. Андан сырткары каза болгон эжесинин 3 баласын да багып алыптыр. Учурда 5 баланын үчөө мектепке барат, мугалимдер үчөө тең жакшы окушарын айтышты», — дейт басма сөз катчы.


«Биздин салым» коомдук фонду мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөтүү акциясын улантат. Кайдыгер болбогон ар бир мекендеш өз салымын кошо алат. Эгерде сиз мүрзөдө көр казгандардын шаймандары коюлган жерде жашап, балдарын багып жүргөн энеге жардам берем десеңиз Govori.TV сайтына кайрылсаңыз болот. Байланыш номерибиз :0312 32 26 11

Количество просмотров: 19