Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагында бүгүн, 9-октябрда саат 8:39да күчү 3 баллды түзгөн жер титирөө болгон. Бул тууралуу Улууттук илимдер академиясынын сейсмология инстититунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Орказган айылынан 9 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 13 чакырым түндүк-чыгышта болду.
Орказган жана Ак-Терек айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.