• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ош жана Чолпон-Ата шаарларында көмүр канча сомдон сатылууда? (даректер)

15 Жетинин айы 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» МИ калкка арзан көмүр ташууну улантууда. Мындан улам энергетика министри Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен «Кырызкөмүр» МИ атайын отун базаларды ачып, Ош облусуна «Загара» көмүр кенинен ташылып келген кара алтындын бир тоннасы 4800 сомдон, ал эми Ысык-Көл облусуна Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатыла баштады.

Көмүр сатып алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:

Ош шаары:
-Бирлешкен айылы;
-Жапалак айыл өкмөтү;
-Туран кичи шаарчасы;
-Амир-Темир кичи шаарчасы.

Чолпон-Ата шаары:

Промзона кичи району; (ПМК 107)

Ысык-Көл району,Темир айылы Иманалиева М.көчөсүндө сатылууда.

Эске салсак, буга чейин Кара-Кече көмүр кенинен 2022-жылдын август айынан ноябрга чейин 555 миң тонна көмүр казылып чыкты. Анын ичинен 317 миң тонна калкка, 295 миң тонна Бишкек ЖЭБге ташылды. Учурда Бишкекке тоннасы 4000 сомдук көмүр темир жол аркылуу вагон менен ташылууда. Мындай саамалык улана бермекчи.

Количество просмотров: 146