• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Ошэлектр” иши боюнча дагы эки кызматкер камакка алынды

16 Жалган куран 2022 16:29 Бишкек Govori.TV

“Ошэлектр” иши боюнча дагы эки кызматкер камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ААКнын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Ошэлектр” ААКнын ички көзөмөл секторунун тескөөчүсү К.М.А. жана Өзгөн РЭТ ишканасынын башкы инженери Г.М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, буга чейин аталган кылмыш ишине шектүү катары “Ошэлектр” ААКнын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. жана Ноокат РЭТ ишканасынын мурдагы жетекчиси А.И. кармалган.

Азыркы тапта, кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.

Количество просмотров: 163