• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Ошэлектрдин” мурдагы жетекчиси кармалды

2 Жалган куран 2022 9:58 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында, Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2016-2020-жылдар аралыгында аталган коомдун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Корруция”) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси Д.Д.И. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы тапта, кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 120