• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошко 50 тонна кумшекер жана 40 миң литр өсүмдүк майы жеткирилди

18 Жалган куран 2022 17:02 Бишкек Govori.TV

Ош шаарына 50 тонна кумшекер жана 40 миң литр өсүмдүк майы жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү.

Кампадан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы 16-мартта оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жер-жерлерге жөнөтүлүп жатканы тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна караштуу Борбордук кампасынын жетекчиси Бактыбек Тайкашкаев билдирди.

“Өлкөнүн түндүк, түштүк региондоруна фонддун Борбордук кампасынан өсүмдүк майын жана кумшекерди таратуу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлдү. Бул продуктылар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт”, — деди Бактыбек Тайкашкаев.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө.

Количество просмотров: 315