• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошко Москвадан 325 кыргызстандык учуп келди

20 Кулжа 2020 14:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-июнь күнү Москвадан Ош шаарына 325 кыргызстандык жаран, анын ичинде кийинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү түрдө обсервацияга жаткырылат.

Количество просмотров: 205