• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Ошол чайга мен да катышкам». Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды

11 Үчтүн айы 2023 15:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды. Бул тууралуу ал 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге кайрылды.

Депутаттын айтымы боюнча, “эки айдан бери абакта отурган 25 адам эч качан суракка чакырылган эмес”.

«Ошол чайга мен да катышкам. Ал жерде бийлик алмаштыруу же басып алуу боюнча бир да сөз болгон эмес. Мага ишенгиле. Ишти сотко өткөргүлө. Ал жерде эч нерсе айтылбаганын расмий айтам», — деп Масалиев айтты.

Турусбек Ишеналиев болсо,

“учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөчү процессуалдык, көз карандысыз адам, эми эки ай мен үчүн деле туура эмес деп ойлойм, бирок тергөө мөөнөтү аяктагандан кийин чечим кабыл алынат» — деди.

Депутат Исхак Масалиев,

«мен сизге расмий түрдө кайрылып жатам. Сурак болбосо, аларды бошотуу керек», — деди

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Количество просмотров: 347