• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто 20 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштап каза болду

10 Бештин айы 2019 12:53 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 20 жаштагы кыз 5-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу «Турмуш» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Ош шаарындагы Ы.Монуев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

«Окуя тууралуу бизге 6-декабрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери кабарлаган. 1999-жылы туулган А.Д. белгисиз себептер менен 5-кабаттан кулап кеткендиги белгилүү болгон. Ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Каза болгон кыздын жакындары суралууда», — деп билдирген Абсатар Тавакалов.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, А.Д. ооруканага жеткирилгенден кийин бир саатка жетпей каза болгон.

«6-декабрда А.Д.ны бизге тез жардам кызматы алып келген. Дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Эки колу, эки буту, денесинин көпчүлүк бөлүгү сынып, ички органдары жарылып кетиптир. Биз тиешелүү жардамды көрсөттүк, бирок бейтаптын абалы оор болгондуктан, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деген дарыгерлер.

Количество просмотров: 566