• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто 8-класстын окуучусу 2 миң 800 АКШ долларын уурдоого шектелүүдө

16 Баш оона 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Ошто ири өлчөмдө акча уурдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынан бери Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы милицияга уурулук боюнча арыз даттануулар түшүп турган. Аталган арыздардын үстүнөн криминалдык милиция кызматкерлеринин тынымсыз ыкчам жүргүзүлгөн иш аракетинин жыйынтыгында уурулукка шектүү катары Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну 8-классынын окуучусу 13 жаштагы кыз Н.С. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Н.С., автоунаалардын ичинен акча жана баалуу буюмдарын жашыруун түрдө уурдап алып жүргөндүгү аныкталды. Ал, үй-бүлөлүк муктаждыктан улам апасы экөө манты жасап, аны өспүрүм кыз коомдук жайларга кыдырып сатып жүрчү. Ошол учурларда жарандар базарга же жумушка барып, айрымдары автоунааларын кулпулабастан кеткендигинен пайдаланып уурулук иштерин жасап жүргөн.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 200-беренин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Уурдалган акчалардын эң ири өлчөмдөгү 2800 АКШ доллары болгон, акчалардын айрым бөлүгү кыздын үйүнөн табылган жана ээлерине кайтарылып берилген. Мындан ары өспүрүм кыздын жашоосу жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат»,-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагыдай окуялардын курмандыгы болбош үчүн автоунааңызды коомдук жайларда ачык калтырбооңузду Ош ОИИБи эскертет.

Количество просмотров: 382