• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто айдоо жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды

14 Бештин айы 202110:19 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Нариман айыл аймагындагы жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-декабрда Кыргызстандын И.Г. аттуу жаранын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Мындан тышкары, аталган фактыга тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1000ден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Мурда аталган факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С. кармалган.

Количество просмотров: 158