Ош шаарында автоээнбаштык жасаган 5 үлпөт той кортежине 75 миң сом айып салынды.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Ош шаарында чоң жолду жаап, терезелеринен тулку боюн чыгарып, башка унааларга жол бербей, тоскоолдук жаратуу менен бара жаткан 5 үлпөт той кортеждеринин видео тасмасы тараган.
«Бул факты боюнча Ош шаарынын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, 5 авто унааны кармап, айып короо жайына токтотушуп, ар бир айдоочуга 15 миң сомдон жалпы 75 миң сомго айып салышты», — деп айтылат маалыматта.
Байказы Айтикул уулунун айтымында, эми бул айдоочулар кайталап, автоээнбаштык жасай турган болсо, мыйзамга ылайык 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.