• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто аялдарды колдоо жана коргоо боюнча форум өттү

15 Бирдин айы 20249:20 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында «Аялдар кеңеши» бирикмеси тарабынан уюштурулган «Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү мамлекттин жаркын келечеги!» аталышында форум өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Республикалык аялдар бирикмесинин төрайымы Атыргүл Кожоева жана окуу жайдын окутуучулары катышты.

Форумдун алкагында университеттин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү үй-бүлөдө аялдардын укуктарынын бузулушунун алдын алуу жана коргоо, өнүгүү максатында коюлган баштапкы кадамдарында демилгелерин колдоо, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча докладдарды жана презентацияларды жасашты.

Теги:
Количество просмотров: 92