Ош шаарындагы № 5276 шайлоо участкасынын жанында белисиз аялдар добуш берүүгө келген шайлоочуларды белгилеп жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган тилкенин байкоочусу Асылкан Кубанычбекова билдирген.
«Талапкер Садыр Жапаровдун адамдары добуш берүү үчүн келген ар бир жаранды белгилеп алышат экен. Видеодо аял айткандай, башкаларды дагы унаа менен алып келишет. Алар күтүп жатышканын айтышты. Ошондой эле мага кайрылып, видеону өчүруп салууну суранышты»,-деп билдирген байкоочу Кубанычбекова .