• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ошто Баткенден келгендер үчүн убактылуу жайлар даярдалууда

16 Аяк оона 202218:45 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Баткен облусундагы чек ара чырынан улам келгендерди Жогорку окуу жайлардын жатаканаларына жайгаштыруу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай аракет мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, учурда Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултулуп, биринчи керектелүүчү продукция жүктөлгөн 2 фура жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 127