• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто базар ээлери ижара акысын арзандатты. УКМК алардын тизмесин жарыялады

19 Бештин айы 2023 11:18 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин салык мыйзамдарын реформалоо боюнча иш-чараларынын алкагында, ошондой эле ишкерлерди колдоо максатында УКМК тарабынан Ош шаарындагы жана Ош облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ири базарлардын ээлери бул демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришкен.

Ош шаары боюнча:

1. «Келечек» ЖЧКсы (кийим-кече базары), базардын аткаруучу директору Сопиев Баатырбек Акимович ижара акысын 30%га түшүрдү;

2. «Кудайберди» ЖЧКсы (автотетик базары), аткаруучу директору Усонов Нурлан Айтбаевич, ижара акысын 25%га түшүрдү;

3. «Ош Акташ» АК (автотетик базары), аткаруучу директору Дорбанов Мирланбек, ижара акысын 25%га түшүрдү;

4. «ТД Арча» ЖЧКсы, ээси Кулушов Темирбек Эргешович ижара акысын 20%га түшүрдү;

5. «Момун Ата Базары» ЖЧКсы, директордун орун басары Узаков Нурмамбет Базарбекович ижара акысын 50%га түшүрдү;

6. «Орозбу» кичи базары, ээси ЖИ Ахмедова Эльмира, ижара акысын 25%га арзандатты;

7. «Фрунзенский» кичи базары, ээси Арзибаев Алмазбек Төлөнович, ижара акысын 20%га төмөндөттү;

8. Бостон кичи базары, ээси Карим Пазилов, ижара акысын 30%га түшүрдү;

9. «Бексултан» кичи базары, ЖИ «Текенова Ч.» ижара акысын 25%га чейин төмөндөттү;

Кара-Суу районунда базар ээлери ижара акысын 20-50%га төмөндөтүштү:

1. Кара-Суу районундагы «Сайкал ЮГ» ЖЧКсы, базардын аткаруучу директору Алмаматов Замирбек Абибиллаевич;

2. «КСБ» ЖЧКсы, Кара-Суу району, ээси Эргешов Анарбай Кочкорбаевич;

3. «Аманат МДМ», Кара-Суу району, директору Жоошбаев Нурлан Жеңишбекович;

4. «Хон Тей Ян» ЖЧКсы, Кара-Суу району, ээси Турсуналиев Шукур Турсуналиевич;

5. Кара-Суу районундагы «Жээнбекова» ЖИ, аткаруучу директору Самиева Анипа Манасовна;

6. Кара-Суу району «Надыров» ЖИ, аткаруучу директору Самиева Анипа Манасовна;

7. Кара-Суу районундагы «Адылов» ЖИ, аткаруучу директору Самиева Анипа Манасовна.

8. ЖИ «Шайназарова Б. », директору Садирова Үпөл Нурмаматовна.

Өзгөн району боюнча:

1. Дан базарынын ээси Шарипов Садык Шакиржанович ижара акысын 30% төмөндөттү;

2. Жашылча базары, ээси Октом Хайдаржанович Набижанов, ижара акысын 30%га төмөндөттү;

3. Оюнчук базары, ээси Каримов Отабек Токтосунович, ижара акысын 30%га арзандатты;

4. «Келечек» соода борбору, ээси Абдумоминов Абдумалик Абдукаюмвич ижара акысын 30%га түшүрдү.

Ноокат району боюнча:

1. «Ноокат ТРК» борбордук базары, ээси Алиев Кубанычбек, ижара акысын 20%га арзандатты;

2. «Береке Гранд» соода комплексинин ээси Абжалиев Кубаныч ижара акысын 20%га түшүрдү.

Араван району боюнча:

1. Жашылча базары, жеке ишкер Мадрахимова Октамхан Абдукахаровна, ижара акысын 50%га төмөндөттү;

2. Кийим-кече базары, менчигинин формасы «кооператив», жетекчиси Абдураимов Абдумуталип, ижара акысын 50% төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

3. Кийим-кече базары, жеке ишкер Нурмухамадов Махмадибрагим, ижара акысы 50%га арзандады;

4. «Ак-Була» базары, жеке ишкер Абдыхалыков Нурлан Нишанбаевич, ижара акысын 50%га төмөндөттү.

Количество просмотров: 141