• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Фоторепортаж — Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата ири иш-чара өтүүдө

3 Жетинин айы 2018 12:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.11.2018.Govori.TV

Бүгүн, 3 –ноябрда ордолуу Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын карата “Ош – Айтматовдун тагдырында”,- аттуу республикалык иш- чара Султан Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын Презеденти            С.Ш. Жээнбковдун катышуусу менен өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият,маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш – чаранын алкагында                          Ч. Айтматовдун персонаждарынын жандуу галереясы, айыл чарба жарманкеси, Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү жана “Жаныбарым Гулсары” аттуу улуттук ат оюндары өтөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков Ош шаарында өткөрүлүп жаткан иш- чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирди.

“Ч. Айтмавдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө айтылып жаткан сөздөр бүтпөйт, ал дали алдыда. Өткөндөр өтөт, биз да өтөбүз! Бирок Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы өчпөйт. Жер жүзүндө, дүйнө жүзүндө Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы түбөлүккө жашай берет. Кыргызстандын ар бири жарынана кааларым, дүйнө жүзүн калеми менен багынткан Ч. Айтматовдой жарандар жарала беришине тилектешмин”, — деп кайрылуу жасады Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков

Салтанаттуу иш – чара                            Ч.Т. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган үзүндүүлөр жана маданий программа менен коштолууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык иш – чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы                                 Д. Бекешев,кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жергиликтүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышып жатат.

Количество просмотров: 41