• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ошто дүкөн жана бильярд клубу өрттөндү

25 Бештин айы 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

24-декабрда Ош шаарында дукөн жана бильярд клубу өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең менен А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам өрт кырсыгы катталган жерге саат 07:42де 2 өрт өчүрүү бөлүмү, буга кошумча 07:54тө 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 8:10до чектөөгө алынып, саат 9:09да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен бильярд ойноочу клубдун 88 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры жана дүкөндүн 55 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Кырсыктан жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 110