Ош шаарында 30-июлдан тарта 1 килограмм эт 480 сомго чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-июль күнү, мэрияда эттин баасы тууралуу кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эт сатуучулар жана фермерлер катышты. Биринчи вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, акыркы апталарда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү.
«Сиздерди чогулуп эттин баасынын абалын талкуулоого жана шаардагы бирдиктүү бааны бекитүүгө чакырдык. Акыркы 3 айда эттин баасы килограммына 460 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү. Буга байланыштуу шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу мэрияга эттин баасын жөнгө салуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылышууда», — деди Замир Юсупов.
Иш-чаранын жүрүшүндө монополияга каршы жөнгө салуу агенттиктин өкүлү шаарда эттин баасы негизсиз кымбат экенин кошумчалады.
Кеңешменин жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин килограммын 480 сомго түшүрүү чечими кабыл алынды.