• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто эттин баасы арзандайт

2 Тогуздун айы 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 4-октябрдан тарта эттин баасы арзандайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында эттин баасы 360-370 сомго чейин көтөрүлүшү шаардыктардын нааразычылыгын жараткан. Ош шаарынын мэриясында вице-мэр Саибжан Турдуев, вице-мэр Асылбек Топчубаев, касапчылар, фермерлер жыйын өткөрүп, 4-октябрдан тарта Ош шаарында эт 340 сомдон сатыла турганы айтылды.

“Биз карапайым элдин үнүн биринчи орунга коюшубуз керек. Элде эттин кымбатташы боюнча нааразычылык болуп жатат. Башка район, облустарда эт кымбаттаган жок. Оштогу касапчылар өз билемдик менен бааны көтөрбөшү керек. Баарын көзөмөлгө алабыз”, — деди биринчи вице-мэр Турдуев.

Количество просмотров: 346