• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто ИИМ кызматкерлери алдамчылык менен акча табышкан

2 Жетинин айы 2018 12:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 166 (кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык) беренелери боюнча ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын айрым кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.
ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын түштүктөгү башкармалары алдамчылык жолу менен кызмат ордуна дайындоо жана кызматын калыбына келтирип, ошондой эле турак-жай менен камсыз кылып берем деп, Ош шаарынын батыш бөлүмүнүн кызматкеринен акчалай 1млн. 385миң алышкан.
Мындай мыйзамга каршы иш-аракеттери менен учурдагы иштеп жаткан кызматкерге ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Жазык иш боюнча документтер иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн, компитенттүү органга өткөрүп берилди.
Количество просмотров: 16