• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ошто индиялык студент көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

6 Бугу 2023 16:53 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон индиялык студенттин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-майда катталган. Маркум ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун 22 жаштагы О.Ч. аттуу студенти болгон. Ал болжол менен саат 16:00до Курманжан Датка кичи районундагы үйдүн 6-кабатынан кулап, каза болгон.

Милициядан билдиришкендей, батирде болгондор ичимдик ичкен эмес. Батирде аны менен бирге жашаган мекендештери – 5 эркек жана 3 кыз сурак берип, каза болгон О. С. жакшы бала болгонун, кантип кулаганын байкабай калганын айтышкан.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, мугалимдери жана кошуналары суракка алынган.

Алдын ала версия боюнча, маркум студент суицид жасаган.

Количество просмотров: 175