Бишкектин Арча-Бешик конушунда автоунаа менен 10 жаштагы кызды сүзүп, андан ары жеке бала бакчанын короосуна кирип кеткен 16 жаштагы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, окуя 4-октябрда кечке жуук Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсүндөгү №134 үйдүн тушунда болгон. Lexus 470 машинесин айдап бараткан өспүрүм рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ал 10 жаштагы кызды сүзүп, менчик бала бакчанын дубалын жарып короосуна кирип кеткен. 10 жаштагы кыз кырсык болгон жерден каза тапкан.
Эске салсак, кырсык кечээ саат 18:30дар чамасында болгон. Алгач үч жашар кыз каза болгону айтылган эле, бирок бүгүн Бишкек ШИИБи кырсыктан 2014-жылы туулган кыз каза болгонун тастыктады.