• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ошто июнь окуясында каза болгондор эскерилди

10 Кулжа 202214:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында 2010-жылы өткөн каргашалуу июнь окуясы эскерилип, митинг-реквием өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев жана июнь окуясында курман болгондордун жакындары катышты.

Митингде Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөп, катышуучулар «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл коюшту. Андан соң каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

Количество просмотров: 55