• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

1 Кулжа 2022 9:25 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 31-майда саат 20:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 3 баллга чейин жана Чоң-Алай районун Кашка-Суу, Кара-Кабак, айылдарында 3 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 56