• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

31 Бугу 202010:23 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 30-майда саат 10:25те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат,  Кара-Дыйкан, Шералы, Мырза-Аке айылдарында 4 жарым балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Көк-Жаңгак шаарында, Октябрь, Сузак айыл аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 128