Кыргызстанда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу 16-августта саат 03:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, Алай районунун Нура айылынан түштүк-чыгышка 9 чакырымда, Эркечтам айылынан түштүк-чыгышка 11 чакырымда, Икизяк айылынан түштүк-чыгышка 17 чакырымда, Кек-Суу айылынан түштүк-чыгышка 21 чакырымда, Гүлчө айылынан түштүк-чыгышка 90 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 140 чакырымда жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында 4 баллга, Кара-Киндик, Кек-Суу, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга, Ак-Талаа, Сары-Таш, Чий-Талаа, Көлдүк, Кичи-Каракол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.