Ош облусунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 8-декабрда, саат 23.40тар чамасында катталган.
“Очогу Ош шаарынан түштүк-батышты көздөй 130 чакырым жана Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым алыс жайгашкан. Жар-Башы, Шибе, Гүлчө айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 баллга жетти”,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.