• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ошто көкбөрү оюнунун финалында чыр чыкты

31 Баш оона 202323:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттеши чыр-чатак менен коштолду.

31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттеш өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алганы айтылууда.

«Достук» жана «Ынтымак» командалары беттеш өткөрүп, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» жеңип алган.

Количество просмотров: 142