• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ошто көмүрдү белгиленген баадан жогору саткандарга айып пул салынды

30 Жетинин айы 202418:20 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда көмүрдү белгиленген баадан жогору саткандарга айып пул салынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-29-ноябрда президенттин өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана бир катар тиешелүү жетекчилер Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорундагы көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү.

Күз-кыш мезгилинде көмүргө болгон бааны көзөмөлдөп, туруктуу кармоо жана бааны көтөрүп жиберүүлөрдү алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Мониторингдин жыйынтыгында көмүрдү белгиленген баадан жогору саткан сатуучуларга айып пулдар салынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө облустун аймагында жалпы 138 көмүр сатуу базалары ачылып, иш алып барууда.

Количество просмотров: 146