• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ошто көрүстөнгө балдар көп коюлуп жатат» деген маалымат четке кагылды

19 Бирдин айы 2021 8:51 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ош шаарына жакын жайгашкан көрүстөнгө акыркы күндөрү балдар көп коюла баштаганы тууралуу маалыматты четке какты.

Ош шаарындагы Балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, 2021-жылдын январь айында шаарда 356 баладан ар түрдүү жугуштуу дарттар катталган. Алардын арасынан чарчап калгандар болгон эмес.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу балдар арасында пневмония менен ооругандар аз», — деп айткан Бакай Акматов министрликке

«Фейсбук» социалдык түйүнүндө айрым колдонуучулар Ош шаарына жакын жайгашкан көрүстөнгө акыркы күндөрү балдар көп коюла баштаганы тууралуу жазышкан.

Количество просмотров: 235