Ош шаарында Алишер Навои атындагы кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден беш бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 10:19да чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери уланып жатат.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.