Ош шаарындагы «Улук-Ата» кафесинен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 14:12ден тарта ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 6 бөлүм жана автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылып, өрт саат 15:30да чектөөгө алынды.
Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.