• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто калемсаптын капкагын жутуп алган окуучу каза болду

27 Үчтүн айы 202216:05 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында №48 мектептин 1-классынын окуучусу калемсаптын капкагын жутуп алып, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда болжол менен саат 16:30да 1-класстын окуучусу сабак учурунда калемсаптын капкагын жутуп алган. Дем алуусу кыйындап, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн.

«Балага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ооруканага жетпей каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 394